Келин токко урунуп каза болду

29 июль 2017 12:11 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Келин конок тосууга даярданып жаткан.
 
Ноокенде 29 жаштагы аял токко урунуп каза болгонун ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын адиси Акылбек Ботобеков билдирди.
 
Анын айтымында, 29 жаштагы маркум мындан 15 күн мурун Аксы районунан Ноокендеги Сакалды айылына келин болуп келген. "Келин конок тосууга даярданып жүргөн экен. Кудуктан суу ала коем деп кокустан насостун тогуна урунуп калган. Ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер өмүрүн сактап кала алышкан эмес", — деди Ботобеков.
 
Маркумдун сөөгүн туугандары алып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content4557



Добавить комментарий