Алар 46га жетти. Президентикке талапкер Т. Омуралиевден жана А. Айтикеевден арыз түштү

29 июль 2017 10:35 268 Barometr
Бөлүшүү:
ok
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1960-жылдын 5-майында туулган, убактылуу жумушсуз Т.Омуралиевден  арыз түштү. Бул тууралуу  БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.
 
 
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 9-мартында туулган, “Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы; КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ишкерлеринин жана өнөр-жай кызматкерлеринин эл аралык конгрессинин вице-президенти, Кеңешменин мүчөсү А. Айтикеевден  арыз түштү.
 
2017-жылдын 28-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
 
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 37 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Үмөталиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э.Зарлыков, Т. Омуралиев, А.Айтикеев).

Ссылка: https://barometr.kg/content4553



Добавить комментарий