Самара Каримова жаңы кызматка орношту
Бөлүшүү:
Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп белгилүү ырчы Самара Каримова дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кол койгон. Бул маалыматты Самара Каримова да тастыктады. Мындай маалыматты “Турмуш.кг” сайты жазып чыкты.
Музейдин мурунку директору Тургунбаев Абдраим Исакович өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Аталган музей ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун башчысы Асан Мансуровдун жубайы.
Ссылка: https://barometr.kg/content4548
Добавить комментарий ×