Гүлнара Каримова камакка алынды

28 июль 2017 15:02 342 Barometr
Бөлүшүү:
ok
“Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримовага Кылмыш кодекси боюнча бир нече айып тагылды, ага байланыштуу камоого алуу түрүндөгү чектөө чарасы тандалган,”- деп кабарлайт Өзбекстандын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башчылыгы менен башкы прокуратурасы.
 
 "Каримова Гүлнарага Өзбекстан Республикасынын 168, 178, 182, 189, 228 жана 243-статьясы боюнча айып тагылды, ага байланыштуу камоого алуу түрүндөгү чектөө чарасы тандалды. Каримовага айыбы далилденген иштердин негизинде тагылып жатат, ошол иштердин ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын берген көргөзмөлөрү жана уюшкан кылмыштын көзөмөлүндөгү 14 фирма менен 16 оффшор компаниясынын кызматы текшерүүдөн, жазылган жана далил катары укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы бар”, - делет  ведомствонун маалыматында.
 
 Малекет менен жарандардын кызыкчылыктарына эки кылмыш иши боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы - 1 триллион 270 миллиард 200 миллион сом, 1 миллиард 651,8 миллион доллар, 26,1 миллион евро (улуттук валютадагы жалпы сумма- 3 триллион 746,8 миллион сом) делинет.
 
Эскерте кетсек,  Өзбекстан Республикасынын президент Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрында 78 жаш курагында көз жумган.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4539



Добавить комментарий