Бүгүн +38 градус ысык болот
Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20...+25, күндүз +33...+38;
Талас аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;
Баткен дубанында түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +28...+33;
Бишкек шаарында 28-30-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +36...+38 градус ысык болот.
Ал эми 29-30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/content4533
Добавить комментарий ×