Адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды
Бөлүшүү:
Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда мас абалында бычактан жаракат алган жаран борбордук ооруканага түштү делген маалымат Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Жогорудагы кылмыш ишине милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чарасын жүргүзүп, жабырлануучу 30 жаштагы Сокулук районунун Т.Э. аттуу жашоочусу экени аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде окуя болгон жер такталган. 26-июль күнү Москва районунун айылдарынын биринен мас абалында 48 жаштагы К.К. аттуу жаран мурдагы аялынын үйүнө келген жана анын жакын тааныш адамы менен уруша кетип, бычак менен жабырлануучуну жаракаттандырган.
Москва РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-берене жана 97- беренелери ( адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишине шектүү делип 48 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content4529
Добавить комментарий ×