Обама коштошуу сөзүн сүйлөдү

11 январь 2017 12:15 438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Америка кошмо штаты кайрадан  өзүнүн президентин шайлап алгандыктан мурдагы президент Барак Обама  кызматы менен он күндөн кийин коштошот.  Ал Чикагодо  коштошуу сөзүн сүйлөп, АКШ акыркы сегиз жылда бир топ өзгөрүүлөргө туш болгонун, дүйнөлүк саясаттагы ордун бекемдегенин белгиледи. Ал Америка бараткан демократиянын жолу татаалдыгын, ал кээде чыр-чатактар менен коштолорун, айрым учурларда кан төгүлүүсү мүмкүн экенин белгилеп, Америка тандап алган өнүгүү жолу эң туура, татыктуу жол деп айтты.  Барак Обаманын сөзүнө ишенсек  дагы он күндөн кийин  дүйнө  Американын  тынч бийлик алмашуусуна күбө болот. Жаңы президент Дональд Трамп  Америкадагы белгилүү саясатчы жана жеке ишкер.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content452



Добавить комментарий