Аида Салянова агасы маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок деп эсептейт

28 июль 2017 10:02 856 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова агасы Калыбек Элтуйбасовду маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок деп эсептейт. Депутат мындай пикирин 27-июлда "Ата Мекендин" мүчөлөрүнүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
 
"Калыбек Элтуйбасов менин бир тууган агам эмес, атамдын иниси болот. Анын Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси жок. ИИМ эмне үчүн катыштыгы бар деп эмес, ал саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүрүп салып, иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген негизде камакка алуу чечимин чыгарып жатат? Тиешеси болсо, агам тасманы өчүрмөк эмес, укук коргоо органдары өздөрү өчүрүп койгон болушу мүмкүн. Бийлик адам өлүмүн саясатка аралаштырып, ыплас иштерди жасап жатат. Мындай болбошу керек", - деп жооп кылды Салянова. 
 
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган.
 
Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн" делип, айрым белгилүү адамдардын ысымдары айтылган. ИИМ тараткан маалыматтарда, алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасовдордун да аттары бар. Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content4519



Добавить комментарий