Ө. Текебаев: "Мени мыйзамды атасы деп коёт. Мени алдай албайсыңар"
Бөлүшүү:
Кечээ, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда Текебаев өзүнүн 3 жактоочусу тең ооруп калганын айтып, отурумду башка күнгө жылдырууну сурады. Бирок ага сот макул болбой, нөөмөттөгү жактоочунун катышуусунда ишти улантууну чечти.
Ошол учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик келип чыкты. Өмүрбек Текебаев: "Мени мыйзамдын атасы деп коёт. Айылдан келген бир баланы ушинтип алдасаңар болот. 45-берененин 4-бөлүмүндө "сот жактоочуну өзү каалап дайындайт" деген жери жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам качан берилиши керек экенин мен жазганмын. Окуп, кичине уялып койсоңор боло? Кайсы жеринде "сот дайындайт" деп турат?! 45-беренени мага окуп берчи",-деп сот Айбек Эрнис уулуна кайрылды.
"Мен сизге ар-бир беренени окуп берүүгө милдеттүү эмесмин",-деп жооп узаткан сот, саясатчыны тынчтыкты сактап, олтурууга чакырды. "Эмне кыласың? 2 жыл кошуп коёсуңбу? 15 жылдан ашыра албайсың. 16 жыл кылып коёсуңбу?",-деди Текебаев. Андан кийин сот Айбек Эрнис уулу конвойлорго Текебаевди залдан чыгарып коюуну айтты. Текебаев "Өткөрө бергиле, Дүйшөн да чыгат" деп залдан конвойлордун коштоосунда чыгып кетти.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен сот Айбек Эрнис уулу 12-июлдагы соттук отурум да кайым айтышып кетишкен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content4517
Добавить комментарий ×