А. Пугачеванын небереси үйлөндү
Бөлүшүү:
Россиянын примадоннасы Алла Пугачеванын небереси Никита Пресняков үйлөндү. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты жазып чыкты.
Жаңы үйлөнгөн күйөө жигит өзүнүн “Instagram” баракчасына 27-июль күнү үйлөнүү тойдогу сүрөтүн жарыялаган.
"Мына, бактылуу күн да келди !!!!", - деп билдирүү калтырган сүрөттүн алдына Никита.
Ал Россиянын улуттук экономика жана мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Алена Краснова менен баш кошту.
"Никита Аленаны мага окшош экенин айткан. Ал да мен сыяктуу көп сүйлөйт жана күлкүлүү", - деп Никитанын чоң энеси Елена Пресникова билдирди.
Белгилүү болгондой, Кристина Орбакайтенин уулу колуктусуна 8-март күнү үйлөнүү туралуу сунушун киргизген.
Ссылка: https://barometr.kg/content4514
Добавить комментарий ×