Президент табийгат кырсыктарынан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү

27 июль 2017 15:40 450 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарында болгон жер көчкүнүн, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди жана Чоң-Алай айылдык аймактарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан финансылык каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын чечиминин негизинде материалдык жардам көрсөтүү үчүн финансылык каражаттар - Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга - 100 миң сомдон, ошондой эле Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандарга - 100 миң сомдон (турак жайы кыйраган деңгээли ӨКМ тарабынан аныкталган 5 категорияларга) жана 50 миң сомдон ( 4-категорияларга) бөлүнөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4503



Добавить комментарий