Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга чогулат

27 июль 2017 15:33 503 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул маалыматты Социал-демократтар фракциясынын лидери, парламенттеги көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркулов журналисттерге билдирген. Өмүркуловдун сөзү боюнча, кезексиз отурумда депутаттар жаңы өкмөт башчысын шайлап, министрлер кабинетин бекитишет.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу азырынча кезексиз жыйын тууралуу парламент төрагасына сунуш түшө электигин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Парламент регламентине ылайык, кезексиз сессияны көпчүлүк коалициянын башчысы чакырат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада курган маалымат жыйынында парламент күзгө чейин жаңы өкмөт куроого тийиштигин айткан.

Азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-июлда КСДПнын курултайында 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуп сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/content4502



Добавить комментарий