Ысык-Көлдө тартип бузган Казакстандык жаран жоопкерчиликке тартылды
Бөлүшүү:
Көл жээгинде “Toyota Prado” унаасы менен кирип кеткен 43 жаштагы Арман Байказаковду жоопкерчиликке тартылды”,-деп кабарлайт “Baq.kz” маалымат агентиги.
Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, айдоочу мыйзамга ылайык “башкаруу жоопкерчилиги” тууралуу кодексинин 160-беренесине ылайык жоопко тартылды. Бул кодексте жарандарга эки же беш эсептик көрсөткүчкө чейин эскертүү (10 000 - 25 000) айып салуу жазылган.
Айдоочуга миң сом айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Айдоочу кечирим сурап, айып пулду төлөгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта жол тандабастын айдоочусу Бостери айылындагы көл жээке кирип кеткен видео тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4497
Добавить комментарий ×