Грузия менен кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

27 июль 2017 09:36 319 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы  Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.  Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
 
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда  кабыл алынган.
 
Бул Макулдашуу  башка мамлекетте салык салуу обьекти болгон мамлекеттин салык салуу боюнча субьектилеринин макулдашып жаткан  ар бир мамлекеттин  укуктарына чек коюу  боюнча тартипти  аныктайт. Ошол эле учурда  бул жоболорду ишке ашыруунун методдору салык укугунун мамлекеттик ички ченемдери менен белгиленет.
 
Мындан тышкары  аталган Макулдашуу  бир мамлекеттин резидентинин макулдашып жаткан башка мамлекетте дискриминациялык салык салууда коргоп, кирешеге салык төлөөдөн качууга жол бербестен  же макулдашып жаткан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алат.
 
Мына ушуга байланыштуу Макулдашуу  Кыргызстандын  экономикасына түз инвестицияларды тартуунун каражаты болуп саналат, анткени  бир гана өлкөдө салык төлөөрүнө ишенген чет элдик фирмаларга  өлкөгө инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет.
 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4474



Добавить комментарий