"Замандаш" партиясы Сооронбай Жээнбековду колдойт
Бөлүшүү:
Азыркы учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээбеков президенттикке ат салышкандардын арасында абдан ылайыктуу талапкер болуп саналат. Бул тууралуу "Замандаш" саясий партиясынын расмий билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматта Кыргызстанда биринчи жолу чыныгы альтернативдик негизде мамлекеттин жаңы башчысы шайланат деп белгиленет. Жакындап келе жаткан шайлоо жыйынтыгынан абдан көпнерсе көз каранды. Коомдун көпчүлүк жооптуу бөлүгү чынында эле жумушчу парламенттик демократияны курууга ниеттенүүдө.
Партия ошондой эле өз мүчөлөрүнүн жана жактоочуларынын Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/content4461
Добавить комментарий ×