Криштану Роналду мыкты оюнчу

10 январь 2017 10:38 514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Миллиондогон  футболчулардын кыялы болгон  мыкты футболчу болуу наамын быйыл адаттагыдай эле Криштану Роналду жеңип чыкты. Эл аралык ФИФА федерациясынын сайтында бул маалымат жарыяланаары менен  каалоо тилектер жамгырдай жаап жаткан кези.  2016-жылдын мыкты футболчусу наамын Роналду Цюрихе (Швейцария) шаарында  өткөн майрамдык салтанатта алтын топту алып күйөрмандарын кубандырды. Бул алтын топту алуу үчүн дүйнөлүк футболчулардан  Лионель Месси («Барселона») жана Антуан Гризманн («Атлетико»)   ат салышкан.  Жалпысынан  Роналду 34,4% упай топтосо , Месси — 26,42%, а Гризманн — 7,53%  добуш топтошкон.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content446



Добавить комментарий