Кызматтык автоунаа катышкан эреже бузуу фактысы иликтенүүдө
Бөлүшүү:
Жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Ош облусунун патрулдук милиция кызматкери мектеп окуучусун сүзүп кетти деген маалымат чыккан. Бул тууралуу Ички иштер минситрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кээ бир маалымат агенттиктеринде Өзгөн районунун патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери 6-классынын окуучусун сүзүп кетти деген маалымат чыгып, бул окуя Кара-Суу районунун Кызыл кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолунда катталган. Ош облусунун Кара-Суу райондук патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери кызматтык автоунаа менен жол кыймылынын кырсыгына катышкандыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Жол кыймылынын кырсыгына патрулдук милиция кызматкери “Лада-Приора” кызматтык автоунаа менен кызматтык иш маалы бүткөн учурда кабылган. Окуучунун буту сынып ооруканага жаткырылды деген маалымат чындыкка дал келген жок. Окуучу кыз кырсык болгон жерден ооруканага жеткирилген жана бир нече күндөн кийин ата-энеси чыгарып кеткен. Жакындары тарабынан доо жок.
Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы менен патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы менен кызматкерине тартиптик жаза берилген. Ош ОИИББдин жетекчисинин буйругу менен облусттук патрулдук милициянын ага инспектору, милициянын капитаны А.А. аттууга ИИМдин тартиптик уставы менен буйругун бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган. Ал эми кызматкерлерин начар көзөмөлгө алгандыгы үчүн облустук патрулдук милиция ротасынын командири, милициянын капитаны К.Ага тартиптик жаза берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content4457
Добавить комментарий ×