Стамбул шаарында аба каттамдары токтоду
Бөлүшүү:
Аба ырайынын бузулгандыгынан улам Стамбул шаарындагы бир нече аба каттамдары өз убактыларын башка күнгө которушту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашууда. Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбаштын билдиргенине караганда акыркы жети жылда мындай аба ырайы бузулган эмес.
“Turkish Airlines” аба каттамы “Ататүрк” жана “Сабиха Гекчен” аба майданындагы ички жана сырткы 227 каттамын токтотконун билдирсе, “Pegasus Airlines” аба каттамы дагы 228 аба каттамын убактылуу башка күнгө жылдырганын билдирди. Мындан сырткары Босфор көпүрөсү дагы жабылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content445
Добавить комментарий ×