А. Атамбаев Түркмөнстандын президентине асыл тукум жылкы белеке берди

26 июль 2017 12:25 415 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулган күнүнө асыл тукум жылкы белек кылганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты. Бул тууралуу 24-июль күнү Түркмөнстандын басылмалары жазып чыгышты.

Бердымухамедов 29-июнда 60 жашка чыкканда эки президент телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Түркмөнстандын башчысы мындай белек кылгандыгы үчүн Атамбаевге ыраазычылык билдирип, бул сый жана достуктун белгиси катары баалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз менен Түркмөнстандын президенттери эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу талкуулашкан. Мамлекеттер ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн айтышкан.

Ошондой эле Түрмөнстандын президенти Кыргыз мамлекетинин башчысын 17-27-сентябрда Ашхабад шаарында өтө турган V Азия оюндарынын спорттук мелдештердин ачылыш аземине катышууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content4447



Добавить комментарий