Пекинде 300 миң автоунаа жок кылынат

9 январь 2017 12:50 557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытай өкмөтү жыл башындагы ишти   абаны булгаган машинени жок кылуу  менен баштады.  Кытайдын борбор калаасы Пекинде 2017-жылы абанын булганышына таасирин тийгизген 300 миң автоунаа жок кылынуу алдында турат. Өткөн жылы да дал ушундай унааларды жок кылуу иши жүргөн эле. Кытай Автотранспорт департаментинин жетекчиси Ли Куньшэн Пекиндеги жалпы саны 5,65 миллионго жеткен транспорт бир жылда абага 500 миң тонна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарарын айтып, жалпысынан абанын булгануусуна 30 пайыз таасирин тийгизерин белгилеген.  Ал эми шаар мэри Цай Ци ушул жылы айлана-чөйрөгө зыян келтирген 500 ишкана жабылып, 2,6 миң мекеме экологиялык стандартка ылайыкталып жаңыртыларын  айтты. Эгер бул иштерди кытай өкмөтү жасабаса анда жарандары өпкө боор оорулары менен жабыр тартаары аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content443



Добавить комментарий