Жаш инспекторлор Казакстандагы мамлекеттер аралык сынакта 3-орунга ээ болушту

26 июль 2017 10:00 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Казакстан Республикасынын ИИМдин административдик полиция комитетинин демилгеси менен Чыгыш-Казакстан облусунда өткөн 17 республикалык жол кыймылынын жаш инспекторлорунун сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Сынакка Казакстандын бардык аймактарынан жана ошондой эле Кыргыз Республикасынан жана Россия Федерациясынан 180 өспүрүм катышты. Аталган мелдеш Усть-Каменогорск шаарындагы балдар ден соолугун чыңдоо борборунда өтүп, өспүрүмдөр мелдештен тышкары эс алганга жана Чыгыш-Казакстан облусунун табиятын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Андан тышкары окуучулар үчүн ар кандай маданий жана спорттук иш-чаралар жана экскурсиялар уюштурулду.
 
Эң негизги сынактардын бири – Жол кыймылынын эрежелерин эң мыкты билүү боюнча мелдеш болду. Өспүрүмдөр 15 мүнөт убакыт ичинде айдоочулук күбөлүк алуу боюнча билеттердин суроолоруна жооп беришти.
 
Полиция кызматкерлерин жаш инспекторлор саптык кароо боюнча даярдыгы менен кубандырышты: ЖКЖИнин отряды параддык формасы менен салтанаттык кадам таштоону жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Бул багытта Кыргыз Республикасынын жаш инспекторлору мыктылыгын далилдешти.
 
Эл аралык биринчиликте Россия Федерацисы 1-орунду, 2-орунду Казакстан Республикасынын Чыгыш-Казакстан облусу, 3-орунду Кыргыз Республикасы ээлешти. Грамоталар жана эсте калаарлык белектер менен жеңүүчүлөрдөн сырткары индивидуалдык жана командалык сынакта өздөрүн көрсөтүшкөн катышуучулар да ээ болушту.
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4426



Добавить комментарий