"Кара куурай" аталыштагы операция жүргүзүлүп жатат

26 июль 2017 09:29 300 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Ушул жылдын 24-июлунан 30-июлга чейин Жалал- Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Кара куурай" аталыштагы операциясы жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анда Ноокен районунун талааларында жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Райондо жалпысынан 6 гектардан ашуун жерде кара куурай өсүмдүүгү өскөн. Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги, айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте талаа жээктерин бойлоп өскөн кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынган. Мындай иш-чаралар Жалал-Абад облусу боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Кара-Көл,Токтогул райондорунда өткөрүлөт.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4423



Добавить комментарий