Аким, айыл өкмөттөр шайланат
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлангандан кийин алар аким, айыл өкмөттөрдү шайлашат. Мыйзамга ылайык 20 - 31-январга чейин өлкөдө айыл өкмөттөрдү жана мэрлерди шайлоо өнөктүгү болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 59 айыл өкмөттүн жетекчиси жана 6 шаардын мэри шайланат.Эскерте кетсек, былтыр 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болгон. Эми мандат алган эл өкүлдөрү кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн айыл өкмөт башчылары менен мэрлерди шайлап, андан ары алардын жасаган иштерин көзөмөлгө алат
Ссылка: https://barometr.kg/content442
Добавить комментарий ×