23-жолку Олимпиада чемпиону, америкалык суучул Майкл Фелпс ак акула менен жарышты (видео)
Бөлүшүү:
23 жолку Олимпиада чемпиону болгон америкалык атактуу суучул Майкл Фелпс ак акула менен жарышты. Атактуу спортчу 100 метрге созулган жарыш жолун 38 секундда өтүп, жырткычтан 2 секундга гана арта калып калды.
Ал эми олжонун артынан сүзүп келе жаткан акула мөрөй сызыгын 36,10 секундда кесип өткөн.
Коопсуздук үчүн Майкл Фелпс үстүнө акуланын терисине окшош костюм кийип алып жырткычтан алыс сүзгөн. Ал эми бул иш чараны өткөргөндөр мелдешти коомчулукта ак акуланын азайып бара жаткандыгына көңул бурдуруу максатында уюштурушканын айтышты.
Изилдөө боюнча, азыр дүйнөдө ак акуланын 3,5 миң түрү гана калган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4402
Добавить комментарий ×