Жол кырсыгына кабылган 18 жаштагы кыз сиңдисинин акыркы мүнөтүн түз эфирде таратты
Бөлүшүү:
18 жаштагы Обдулиа Санчес сиңдиси Жаклин менен анын досунун унасы менен алып келе жатып, «Инстаграмда» түз эфирге кошулган. Бир нече мүнөттөн кийин ичимдикке тоюп алган кыз рульга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган.
“Жаракат алганына карабастан, Обдулиа эфирди улантып, 14 жашар сиңдисинин өлгөн маалын түшүргөн”,-деп жазат “The Sun”.
Калифорния полициясынын маалыматы боюнча, жаш өспүрүмдөр арткы орунда коопсуздук белдемчесин такпай отурушкан. Аты аталбаган жаш өспүрүм ооруканага жаткырылды, ал эми Жаклин окуя болгон жерде каза болгон.
Азыр Обдулиа камакка алынды. Ага мас абалында унаа айдады деген айып тагылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4401
Добавить комментарий ×