Теле каналдын атын саткан жаран кармалды
Бөлүшүү:
Ош облусундагы ЭлТР теле каналынын кызматкеримин деп өзүн тааныштырган Акжол аттуу жаран бир нече мектептен майрамдык эфирге чыкканга деп акча жыйнап алган. Мындан тышкары “Олигарх” ресторанында атайын жаңы жылдык балл өткөрүлөт деп алдап, чакыруу таратып 1500 сомдон жыйнап алган.Мунун баарын билинбей калат беле “ Биз тартылган жаңы жылдык берүү качан эфирге чыгат?” деп Араван районунун мектептери теле каналдарга телефон чалганда гана алданганын билишкен. Ош облусунун ШИИБи тарабынан Акжол камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content440
Добавить комментарий ×