Дүйнөдөгү эң жалкоо эл аныкталды

25 июль 2017 12:13 1113
Бөлүшүү:
ok

“Дүйнөдөгү эң жалкоо эл белгилүү болду”,- деп жазат “rua.gr” сайты.   АКШдагы Стэнворд университетинин окумуштуулары дүйнөдөгү эң жалкоо элди аныкташты. Алар жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасын «Nature» журналына жариялаган. Белгилүү болгондой, жөө аз баскан гректер менен Индонезия тургундары деп эсептелет экен.   Изилдөө дүйнөдөгү 46 элдин 700 000 миң адамнын смартфонына жүргүзүлгөн. Смартфондогу атайы кошумча тиркеме аркылуу адамдардын күнүнө жөө жүргөндө канча кадам жасаары эсептелген.  Натыйжада дүйнөдөгү эң көп жөө жүргөн калк Гонконг тургундары болгон. Алар орточо алганда күнүнө 6.880 кадам жасап, болжол менен 6км басышат.   Экинчи орунда кытайлыктар 6.189 кадам, украиндер 6.107 кадам, япондуктар 6.010 кадам жасаары аныкталган. Испания тургундары күнүнө 5.936 кадам жасаса, англичандар 5.444 кадам жасап, күнүнө болжол менен 5 км басышаары белгилүү болгон.   Американын жашоочулары күнүнө 4.774 басып, 30-чу орунга ээ болушса. Ал эми гректер болсо күнүнө 4.350 кадам жасап, 37-чи орду ээлеген.   Реитингтин акыркы сабында индонезиялыктар күнүнүнө  3.513 кадам жасашкан.   Жыйынтыгында дүйнө боюнча күнүнө орточо эсеп менен бир адам 4.961 кадам, тагыраагы 4 км жөө жүрөөрү аныкталган.      

Ссылка: https://barometr.kg/content4389



Добавить комментарий