Премьер-министр Таластагы оорукананын абалы менен таанышты
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 24-июлда Талас облусуна жасаган иш сапарында облусттук оорукананага барып, андан кийин Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө болду. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Талас районунун Жон-Арык айылындагы жана Кара-Буура районунун Каныш-Кыя айылындагы бала бакчалардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Андан кийин ошол эле Кара-Буура районундагы орто мектептин абалын көрдү.
Медициналык мекемелерди кыдыруу маалында Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Премьер-министрге Талас облустук жана Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү канаттандырарлык абалда эмес экенин билдирди. Буга байланыштуу жыл сайын аларды жеңил оңдоодон өткөрүү үчүн 10-15 күнгө жабууга туура келип, жыйынтыгында бейтаптардын дарылануусу үзгүлтүккө учурап жатканын кошумчалады.
Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы типтүү имаратын куруу үчүн долбоорлук сметалык документ иштерин иштеп чыгууну, ал үчүн керектүү акча каражатын бөлүүнү тапшырды. Мындан сырткары Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Талас облустук ооруканасын курууга канча каражат кетери тууралуу акт түзүү милдеттендирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content4384
Добавить комментарий ×