Орусия чочко тумоосунан улам Казакстан менен чек арасында карантин жарыялады

25 июль 2017 11:03 380 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Орусиянын Новосибирск бийлиги ай башында коңшу Омск облусунун аймагында африкалык чочко тумоосунун очогу табылганына байланыштуу Казакстан менен чек арасында карантин зонасын киргизди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады. Жугуштуу ылаңды жуктурган жаныбарлар Омск облусунун бир нече райондорунда табылган. Чочко тумоосунун жайылганына байланыштуу аймакта өзгөчө кырдаал киргизилип, кылмыш иши козголду. Өткөн аптанын соңунда Новосибирск бийлиги илдетти жайылтпоо үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген. Карантинге алынган чек ара аймактарында жапайы камандарды 20 чакырым аралыкка чейин жолотпоо боюнча иштер жүрүүдө. Новосибирск облусунун айыл чарба министри Василий Пронькиндин айтымында, учурда Омск облусунун аймагында 2000дей чочко жана 100 миң тоннадай эт жок кылынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content4382



Добавить комментарий