Сууга чөккөн кыздардын денелери изделүүдө

25 июль 2017 09:30 775 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Жайыл районунда Көкөмерен суусуна чөгүп кеткен 13 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, кырсык 20-июлда Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында орун алган. Жергиликтүү калк жана жети куткаруучунун катышусундагы буга чейинки издөө иштери жыйынтыгын берген эмес. Кыздардын денелерин издөө иштери бүгүн да улантылат. Жыл башынан бери Кыргызстанда суу жана көлмөлөрдө чөгүп кеткендер саны 93ке жетти, алардын 61 көл сезону башталгандан берки убакыт аралыгына туура келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content4374



Добавить комментарий