Ошто 7 айлык баланын ичинен ийнени операциясыз алып чыгышты
Бөлүшүү:
Ошто дарыгерлер 1 жаш 7 айлык баланын ашказанындагы ийнени операциясыз сууруп чыгышты. Бул тууралуу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Кылычбек Сулайманов билдирди.
Кылычбек Сулайманов операцияны жетектеп, 25 мүнөттүн ичинде ашказандагы ийнени гастроскоп жабдыгынын жардамы алып чыгышканын айтты.
"22-июлда Кызыл-Кыя шаарынан 1 жаш 7 айлык бала ойноп жаткан жеринен ийне жутуп алып, кечки саат 18:00 чамаларында ооруканага түштү. Ийне жутуп алганына 4 саат болгон экен дароо ийнени алып чыгуу керек болуп, гастроскоп жабдыгынын жардамы менен операциясы жок алып чыктык. Ийненин узундугу 3 сантиметрге жетет", - деди Сулайманов.
Ссылка: https://barometr.kg/content4371
Добавить комментарий ×