Арзыбек Кожошев бир нече ишканаларды кыдырды
Бөлүшүү:
КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев министр болуп дайындалгандан бери өлкөдөгү ишканалардын баарын кыдырып өз көзү менен көрүп, айрым маселелерди жеринен чечип келүүдө. Мына ошолордун уландысы катары ал Чүй облусун кыдырып, бир нече ишканаларды көрдү. Ысык-Ата районундагы “Кызыл Суу” айылындагы эт сүт комбинатын кыдырып көрүп, өз баасын берди. Андан тышкары министр айыл чарба эт сүт инвестициясынын баасын 5 млн АКШ долларына чейин көтөрүү керектигин айтты. Мындан тышкары жаңыдан шаарыбызга көрк берип салынып жаткан бүткүл дүйнөлүк “Аккор” стилинде салынып жаткан “Новотел” мейманканасынын иши менен таанышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content437
Добавить комментарий ×