ВВС кумурсканын жашоо үчүн күрөшү тууралуу таң калыштуу видео жарыялады

24 июль 2017 16:04 712 Barometr
Бөлүшүү:
ok
“BBC «Жер планетасы» топтомосунда «өмүргө куштар» кумурска тууралуу ролик жариялады”,- деп кабарлайт “Baq.kz”.
 
Африканын түштүк-батышындагы Намиб чөлүндө кум 70 градуска чейин ысыйт.  Аптаптуу ысыкта  чөлдөгү жандыктардын баардыгы чыдай албаары анык. Ошентсе да ысыктын эмгекчил кумурскаларга эч катышы жок. Күндүн так төбөдө чакчайып турганына карабай, алар талыкпай иштешет.  Бирок, бул жандыктардын башкы душмандарынын бири жөргөмүштүн личинкасынын «капканына түшүп», анын жемине айланган кездери да болот. 
 
Видеодо жоонун колуна түшкөн кумурска бар күчү калганча күрөшүп,  тырышып-тырманып отрупу, аягында кутулуп чыгат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4366



Добавить комментарий