Түркмөнстанда Ниязовдун дагы бир алтын жалатылган эстелиги алынды
Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун Ашхабаддагы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдындагы алтын жалатылган эстелиги алынды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Эстеликтин тегереги оңдоо иштерине байланыштуу төрт ай мурда курчалган. Анда өлкө бийлиги Ашхабаддын борборуна 2000-жылдардын башында тургузулган мурдагы президенттин эстелиги алына тургандыгын кабарлаган эмес. Азырынча эстеликтин эмне себептен алынгандыгы да белгисиз бойдон калууда.
Түркмөнстанды 1985-2006-жылдар аралыгында башкарган Сапармурад Ниязовдун тушунда өлкө боюнча анын жүздөгөн эстеликтери тургузулган.
Ашхабаддын борборунда 1998-жылдан бери турган Ниязовдун алтын жалатылган ири статуясы 2011-жылы башка жерге көчүрүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, аны көчүрүү үчүн өлкө бюджетинен 50 миллион АКШ доллары бөлүнгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4364
Добавить комментарий ×