«Один дома» фильминдеги актер кайтыш болду

24 июль 2017 15:28 481 Barometr
Бөлүшүү:
ok
72 жаштагы актер Джон Хердти мейманкана кызматкерлери бөлмөсүнөн өлгөндөн кийин таап, полиция кызматкерлерин чакырышкан. Окуя  Калифорниядагы мейманканалардын биринде болгон. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирди.
 
 Жергиликтүү маалымат булактарынын билдиргени боюнча, белгилүү актердун өлүмүнүн накта себеби  белгисиз, бүгүнкү күндө ага эмне түрткү болгону изилденип жатат. 
 
Шаршенби күнү анын белине жеңил операция жасалып,  конок үйдө ден соолугун калыбына келтирип жаткан болчу. Джон Херд «Один дома» фильминде Кевин Маккалистердин атасынын ролун ойногон. 
 
Ошондой эле  көптөгөн  фильмдер менен сериалдарга да тартылган. Алардын арасында  «Гладиатор», «Клан Сопрано», «Большой» жана «Пробуждение» бар.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4359



Добавить комментарий