Ош шаары боюнча 850 гана турак-жай камсыздандырылган
Бул туурасында бүгүн, 24-июлда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги Коллегиялык жыйынын күн тартибиндеги биринчи маселени талкуулап жатып, маалым болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев биринчи вице-мэр Замирбек Аскаровго бул багытта шаардыктарга түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүү тапшырмасын берди.
«Учурда 850 турак жай камсыздандырылган, шаарда жалпысынан 76 миң кожолук бар. Андыктан бул багытта тынымсыз иш алып баруу кажет. Биринчи кезекте мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана муниципалдык ишканалардын баардык кызматкерлери өздөрүнүн турак-жайын камсыздандырууну уюштурууну зарыл деп эсептейм. Экинчи кезекте шаардын ар бир тургуну турак-жайын камсыздандырышына жетишишибиз керек»,- деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле, Учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу боюнча тийиштүү деңгээлде жумуштар аткарылбай, натыйжада, Курманжан-Датка жана Ленин көчөсүндөгү авариялык абалдагы үйлөрдүн тургундарын көчүрүү маселеси чечилбей жаткандыгын кошумчалады. Мындан тышкары, шаардагы суу өтмөктөрдү кеңейтүү маселелери чечилбей жаткандыктан жамгыр жааганда эле шаардагы арыктарга, өтмөктөргө суу толуп селдер жүрүп жатат, андыктан алдын алуу иш-аракеттеринин жыйынтыгы жок деп билдирди.
Коллегияга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештердин төрагалары катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content4354
Добавить комментарий ×