Нарын ГЭС каскаддары тууралуу чууну “убактылуулар” чыгарып жатат

24 июль 2017 11:28 295 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда Алмазбек Атамбаевдин салттуу болуп калган жайкы басма сөз жыйыны болууда, анда мамлекет башчысы Жогорку-Нарын каскаддарын кура турган чех компаниясынын айланасындагы чатак тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, бир ай күтүү керек, бул арада компания  Россиянын алдыдагы 37 млн. доллар карызын төлөйт.    

Президент Нарын ГЭС каскаддары тууралуу чууну “убактылуулар” чыгарып жатат деп эсептейт, алар коркуп жатышат жана долбоор ишке кирүүсүн каалашпайт.   

"Биз жакшы келишим түздүк, бир айдын ичинде алар 37 млн доллар карызды төлөшөт, биз мындан эч нерсе жоготпойбуз. Кыргызстан үчүн эң башкысы инвестордун акчасы болушу керек”,-деп белгиледи президент.     

“Эгер компания өз милдеттерин аткара албаса анда биз башка инвестор табабыз”,-деп айтты президент.

Ссылка: https://barometr.kg/content4336



Добавить комментарий