Данияда Стамбулдун Reina түнкү клубундагы терактка шектүү адам камалды

24 июль 2017 10:20 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Даниянын Вайле шаардык соту Стамбулдун Reina түнкү клубундагы терактка шектүү катары кармалган Өзбекстандын 42 жаштагы жаранын төрт жумага камакка алуу чечимин чыгарды. Быйыл 1-январга караган түнкү кол салуудан 39 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Даниянын The Vejle Amts Folkeblad гезитинин кабарчысы Андерс Кристенсендин билдиришинче, сот 42 жаштагы өзбекстандыкты камакка алуу чечимин түрк полициясы тарабынан берилген материалдардын негизинде кабыл алды.

Ал Дания бийлиги өзбекстандыкка карата эч кандай айып такпаганын билдирди. Айтымында, өзбек жаранын Түркияга өткөрүп берүү боюнча акыркы чечимди Даниянын башкы прокурору кабыл алат.

The Vejle Amts Folkeblad басылмасынын маалыматына караганда, полиция Войле шаарында жашаган Өзбекстан жаранына таандык бир нече компьютерди жана жабдууларды конфискациялады. «Экстрадициялоо боюнча Түркиянын катында 2008-жылы Данияда качкын макамын алган Өзбекстан жараны Reina түнкү клубуна кол салууну уюштурган Абдулкадыр Машариповду курал менен камсыздагандыгы жазылган, деп айтылат гезиттин билдирүүсүндө.

Клубга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. Кол салууну аткарган теги өзбекстандык 34 жаштагы Абдулкадыр Машарипов теракттан 16 күн өткөндөн кийин Стамбулда кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content4324



Добавить комментарий