Кадыр Маликов, дин маселелери боюнча адис: «Йакын Инкарчыларды коомдогу жашоого алып келиш үчүн күч жумшоонун же кандайдыр бир талаптарды коюуунун кереги жок»
-Тилекке каршы андай эмес. Мисалы молдо ошол эле дин кызматкери бир гана “намаз кантип окулат жана орозо кантип кармалат”- деген иштерди гана адамдарга үйрөтпөш керек. Дин кызматкери кайсы мамлекетте жашаса ошол мамлекеттин экономикалык абалын, саясый ишин, деги эле мамлекеттин
-Кадыр Курманбекович, учурдагы диний кызматкерлердин билими жетиштүү деп эсептей аласызбы? ички эмне иши болсо баарын билүүгө милдеттүү. Тилекке каршы биздин дин кызматкерлери андай иштерди жасай албай жатышат. Илимдүү адамдарыбыз бар. Бирок алар баарына жетишпейт. Ал эми дин боюнча даваат айтып жүргөн жарандарыбыз андай иштерди жасай алышпайт. Ошондуктан мамлекет дагы көңүл буруп, диний кызматкерлердин илимин көтөрүүсү керек. Анткени бүгүн көп жаштарыбыз диндин айланасында кана эмес, көп нерсенин айланасында аалымдарга суроо берип, жооп алгысы келет.
-Бүгүнкү күндө “Йакын Инкар” деген секта чыкты. Алар эч кимди тоготпогон, кыргыздын салтын, динин, ошол эле көпчүлүк кыргыздар тутунган ханафи масхаб деген ислам дининин бир агымын дагы кабыл албайт экен. Бул канчалык деңгээлде мамлекет үчүн кооптуу деп эсептейсиз?
-Сиз айтып кеткен сектанын коомдон бөлүнүп жатканы аз келгенсип ал агымга кирип бараткандардын катары көбөйүп баратат. Жер жерлерде йакынчылардын саны жатканы дагы чындык. Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында ар бир жаран каалаган динин тутууга акылуу деп жазылган. Демек алар эркин дин тута алат. Аларга күч жумшоонун же кандайдыр бир талаптарды коюуунун кереги жок. Йакын Инкарчыларды коомдогу жашоого алып келиш үчүн жан дүйнөсүнө акыл эс киргизип, жасап жаткан иштери туура эмес экендигин аныкташыбыз керек.
Ссылка: https://barometr.kg/content432
Добавить комментарий ×