Бакыт Орунбеков, саясый серепчи: “Мындай нерсе эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирип чагым салып коюшу мүмкүн”
-Бакыт мырза, Стамбулдагы “Рейна” клубундагы тероррдук аракетти кыргыз жаранынан көрүп, бир топ убакытка чейин маалымат ызы-чуу болуп такталбай жатат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы абалды оорлотуп койбойбу?
-Мындай учурда маалымат таратуучу журналисттер дагы, укук коргоо органдары дагы ар бир маалыматты так даана бергенге, жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасаганга үйрөнүүсү керек. Антпесе ушундай баш аламан окуялар эки тараптын, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени солгундатып алышы мүмкүн. Стамбул шаарындагы кыргынды кыргыз жаранынан көрүп, жада калса паспортунан бери такталбай туруп интернетке жарыялап жиберишти. Азыр маалыматтын заманы. Бир нерсени туура эмес жазып жиберсе эки мамлекеттин ортосундагы карым катнашка доо кетирип алышы мүмкүн. Мисалы ушул эле окуяда биздин шектелип жаткан жаран паспортторунан бери көрсөтүп, аба майданда аны түрк укук коргоочулары суракка алып кайра коё бергендигин айтып жатат. Ушундай сурактан кийин гана биздин жарандын шектүү деп чыгарып жиберишти. Албетте муну түрк журналисттеринин абийрине коёбуз. Экинчиден ушундай маалыматты чыгарып эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузгусу келген күчтөрдүн дагы аракети болушу мүмкүн. Ушундай учурда эки тарап тең сабырдуулукка баш коюп чыныгы кылмышкерди табууга аракеттенүүсү керек. Бул биринчи гана жалган божомол эмес. Буга чейин деле кыргыз жараны Түркияда болуп аткан ар кандай иштерге катыштыгы бар деп шектелип жатпады беле? Ошондуктан мындай маалыматтарда тигил же бул мамлекеттин жаранын күнөөлөп жатканда өтө этият мамиле кылуусу зарыл. Мындай нерсе эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирип чагым салып коюшу мүмкүн. Түрк-кыргыз достугу дайыма керек. Андыктан маалыматты чыгарып жатканда жакшылап тактап алуусу зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/content431
Добавить комментарий ×