Бодрумдагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

22 июль 2017 13:58 555 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Жер титирөөнүн очогу курорттук Бодрум шаарынан 10,3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган шаарга туристтер көп келет.
 
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча КР жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
 
Белгилей кетсек, 21-июлда түнкү саат бирлер чамасында Эге деңизинин жээктеринде катуу жер силкинген. "Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Бодрум шаарынын бийлиги менен дайым байланышта жана абалга көзөмөл салып турат", — деп айтылат маалыматта.
 
Эске салсак, жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content4305



Добавить комментарий