Кыргызстандык жаранды досу Тажикстанда он күн күрөөдө кармаган

6 январь 2017 10:53 442 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстандык жаран  Акжол Көлбаев  Тажикстанга конокко барып  андан кийин күрөөдө  кармалып калган.  Ош шаардык ШИИБинин башчысы  Жеңиш Аширбаевдин билдиргенине караганда  биздин жаран, Кара-Суу районунун  Мады айылынын тургуну  Акжол Көлбаев  менен  Тажикстандын Ходжент  айылынын тургуну  Набижон Набиев экөө көп жылдан бери дос болушкан.  Ошол достук учурунда Акжолду Набижон  Тажикстанга үйүнө конокко чакырып, анан баргандан кийин баласы экөө кыргызстандык досун күрөөгө алып калып  жакындарынан 23000 АКШ долларын талап кылышкан. Эгерде Акжол  Көлбаев  милицияга кабар билдирсе  аны өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. “Биз  Набижон экөөбүз 2011-жылдан бери жакын достордон болуп, бири-бирибиздикине конокко бара берчүбүз. Бул сапар мени үйүнө чакырганынан барсам баласы экөө мени күрөөгө алып калаарын жана 23 000 доллар бербесе чыгарбасын айтышты. Жада калса мага түзүгүрөөк да тамак беришкен жок, сабашты”-дейт Көлбаев.  Акжолдун жакындары Тажикстандагы Кыргызстандын консулдугу аркылуу милиция органдарына кайрылып,  Набижонду акча беребиз деп алдап чакырып анан кармашкан. Учурда Акжол Көлбаев Кыргызстанга өткөрүлүп  берилип,  ооруканада дарыланууда

 

Ссылка: https://barometr.kg/content430



Добавить комментарий