Жаш балдар сууга чөгүп бара жаткан жигитти куткаруунун ордуна аны видеого тартып шылдыңдашкан
Бөлүшүү:
Флориданын 32 жаштагы тургуну Джеймел Данн бир топ жаш бадардын көзүнчө сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу "life.ru" сайты билдирди.
Сууга чөгүп жаткан адамды куткаруу жаш балдардын оюна да келген жок. Куткаруучуларга да кабар беришкен эмес. Тескерисинче, шылдыңдашып Джеймелдин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн видеого тартып алышкан.
Полиция чөгүп кеткен адамдын сөөгүн үч күн издешкен жана ал арада социалдык тармакта бул видео пайда болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content4293
Добавить комментарий ×