Ички дүң продукция 3,2 пайызга өстү
Жыл жыйынтыгын чыгара келгенде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2, 3 пайызга өскөнү байкалган. Кыргыз экономистеринин билдиргенине караганда КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан экономикалык жактан жылды жакшы жыйынтыктады деп баалашты. Буга экономикасынын ачыктыгы, Өкмөт менен Борбордук банктын макроэкономикалык туура саясаты жана Кыргыз-Россиялык фонддун таасири тийген. Мындан тышкары Россиянын экономикалык каатчылыктан чыга баштаганына байланыштуу мигранттар тарабынан акча которулуулардын көлөмү өсө баштаган. Айрым эксперттер Казакстан жана Россия негизги өнөктөш өлкө болгону менен алар менен болгон соода- экономикалык байланыш бюджеттин куралышына таасир этпесин айтып, 2017- жылы көмүскө экономикадан кутулуу аракетин көрүү керекдигин да айтып өтүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content429
Добавить комментарий ×