Сууктан 4 адам көз жумду
Бөлүшүү:
Латын Америкасында аба ырайы кышка айланды. Табигаттын күтүүсүз мүнөзүнөн төрт адам көз жумду. Бул тууралуу "news.tj" сайты билдирет.
Жуманын башынан бери Латын Американын көптөгөн шаарларында бурганактап кар жаап, күндүзгү температура 20 градуска төмөндөгөн. Түндүктөн түштүк батышка карай жылган суук циклон түштүк Бразилиянын кээ бир аймактарын, Парагвай, Перу менен Уругвайга жетти.
Ошондой эле, аба ырайынын сууктугунан Аргентинанын бир нече аймагында кем дегенде төрт адам катыш болду.
Уругвайда абанын температурасы -10 градуска чейин түшкөн, алдыдагы күндөрдө да кар жаары күтүлөт деп болжошууда синоптиктер.
Ссылка: https://barometr.kg/content4272
Добавить комментарий ×