500 000 сомдук медициналык жабдуу берилди
Борбор калаабызда жайгашкан Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмү 500 миң сомдук медицинадык жабдуу алып, аппараттарын толукташты. Ансыз да аппараттар жетишпей кыйналып жаткан борборго мындай кымбат баалуу нерсени "Ас-Салам" фонду тарабынан кайрымдуулук иретинде берилген. Медициналык жабдуулардыилимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков өзү катышып кабыл алып, "Ас-Салам" фондусунун директору Нурмухамед Минбаевге ыраазычылык билдирди. Сабырбек Жумабековдун аталган иш чарада билдиргенине караганда акыркы убактарда күйүк менен ооруканага келип түшкөндөр көбөйүүдө. Мисалы өткөн жылы аталган оорукананын күйүк бөлүмүнө 1761 оорулуу кайрылып медициналык жарда көрсөтүлгөн. Алардын 1180не амбулатордук, 581не стационардык жардам көрсөтүлгөн. Кайрылгандардын 1040ы — балдар болсо, 721и — чоң кишилер болуп эсептелинет.
Ссылка: https://barometr.kg/content427
Добавить комментарий ×