Өзбекстан аткаминерлер арасындагы тууганчылык- жердешчиликке каршы күрөшөт

21 июль 2017 12:09 448 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ташкентте “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жаңы мыйзамдын концепциясы тааныштырылды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Podrobno.uz интернет-басылмасы кабарлагандай, документ мамлекеттик органдардын кадрдык курамын түзүү принциптерин аныктоого, таза кызмат өтөгөндөргө материалдык жана моралдык дем берүү механизмдери менен кызматтык этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерин жөнгө салууга багыталган.

Өзбек бийлиги мыйзам долбоору эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен иштелип чыкканын билдирүүдө. Мыйзамга меритократия түшүнүгү киргизилүүдө. Ага ылайык, жетекчилик кызматтарды тек-жайы жана каржылык абалынан көз карандысыз жөндөмдүү адамдар ээлеши керек.

Эксперттер мыйзам долбооруна мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берүүчү критерийлерди киргизүү зарылдыгын белгилешти.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4255



Добавить комментарий