Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыктан каза болгондордун тизмеси такталды
Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгына кабылып каза болгон беш кишинин ысымы белгилүү болду. Калган үч кишинин тек-жайы аныкталууда.
Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында унаа кырсыгынан каза болгон 8 кишинин ичинен бешөөсүнүн өздүгү такталып, калган 3 кишинин ысымдары такталууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармылыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын маалыматты боюнча, каза болгондордун баары бир унаада бара жатышкан. Ал унаанын айдоочусу Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган Д уулу Санжарбек болгон. Ал учурда оор абалда Шамалды-Сай аймактык ооруканасынын хиругия бөлүмүндө жатат.
Каза болгондордун ичинен экөө аял, бешөө эркек киши жана эң кичүүсү 4-5 жаштардагы кыз.
Каза болгондор:
- Жунусмамат уулу Эрмекбай, 1994-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну;
- Бердибеков Шамшидин Камалович, 1970-жылы туулган, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну;
- Дусматова Адинахан Укматовна, 1973-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну;
- Асанова Малика Эргешовна, 2014-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;
- Төрөгелдиева Гүлнара Калиловна, 1965-жылы туулган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну.
Учурда 3 жүргүнчүнүн өздүгү такталып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтына ылайык, жол кырсыгы кечээ 20-июль күнү саат 06-30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 468-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында катталган. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен “Хонда Одиссей”, оор жүк ташуучу “МАН” үлгүсүндөгү автоунаа жана “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышып, 8 адам каза болгон.
“Кырсыкка кабылган “Хонда Одиссей” автоунаасында 6 адам жана “МАН” унаасында 2 адам болгон, алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми “Хонда Степвагон” унаасында 9 адам болгон, алардын ичинен 8 адам окуя болгон жерде мүрт кеткен”,- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content4250
Добавить комментарий ×