Айыпталуучу прокурор менен полициячыга ок чыгарып, өзү атынып өлдү
Казакстандын Акмоло облусунда 61 жаштагы киши прокурор менен полиция кызматкерин жаракат кылып, андан соң өзү атынып өлгөн.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Облустук ички иштер департаменти кабарлагандай, 20-июлда ал Целиноград районунун прокуратурасынын имаратында прокурорго жана РИИБ кызматкерине ок чыгарып, андан соң автоунаа менен качып кеткен.
Окуядан он мүнөт өткөн соң, шектүүнүн сөөгү унаанын жанынан табылган. Полициянын билдирүүсүндө ал жүрөк тушка атынып өлгөн.
Маалыматтарга караганда, аникоррупциялык мекеме шектүүнү акча уурдоого айыптап, суракка алып жаткан.
Курал экспертизага жөнөтүлдү, иликтөө иштери башталды. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү, алардын абалы туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content4239
Добавить комментарий ×