Маевкадагы мушташ. 50 сом үчүн сабалган адам
Бөлүшүү:
18-июль күнү саат 19.00 чамасында Аламүдүн районуна Маевка айылында мушташ болгон тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда Barometr.kg сайтына Чүй областынын Ички иштер башкармалыгын башкы инспекторунун басма сөз катчысы Назира Имагазиева маалымат берди. Соцтармактарга тараган видеодо жергиликтүү тургундар кылмышкерди жазалап жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.
"Ошол эле күнү Аламүдүн районунун ыкчам тергөө кызматы окуя болгон жерге барышкан. Белгилүү болгондой эки киши жергиликтүү дүкөндөрдүн бирине киришкен, дүкөндүн ичиндеги башка бир кардардан алар 50 сом талап кылышкан. Албетте, ал адам берүүдөн баш тарткан, оозеки пикир келишпестик келип чыгып анын арты мушташка айланган", - деп билдирди Назира Имагазиева.
Изилдөө иштеринин жыйынтыгында 1993-жылкы жана 1988-жылы төрөлгөн эки адам кармалган. Экөө тең мурда соттолгон эмес. №234 "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
Ссылка: https://barometr.kg/content4220
Добавить комментарий ×